# 4-берене. Электрондук колтамганы пайдалануу принциптери

- Документ: [Электрондук колтамга жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111635)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 19-июлундагы № 128 "Электрондук колтамга жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2446/edition/985628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111635/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук колтамга жөнүндө, 4-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-4

---

Электрондук колтамганы пайдалануу принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эгерде электрондук колтамганын конкреттүү түрүн аны пайдалануунун максаттарына ылайык пайдалануу тууралуу талап мыйзам актыларында, башка ченемдик укуктук актыларда (мыйзам актыларында мындай мүмкүнчүлүктөр каралган учурларда), же болбосо электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашууда каралбаса, электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын электрондук колтамганын кайсы болбосун түрүн өз ыктыяры боюнча пайдалануу укугу;

2) электрондук колтамгалардын конкреттүү түрлөрүн пайдаланууга карата ушул Мыйзамдын талаптарын аткарууга мүмкүндүк берүүчү кайсы болбосун технологияны жана (же) техникалык каражаттарды электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын өз ыктыяры боюнча пайдалануу мүмкүнчүлүгү;

3) электрондук колтамганын конкреттүү түрүн пайдаланууга карата мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптардын бул электрондук колтамганы пайдалануу максаттарына ылайык келүүсү;

4) электрондук документтеги колтамга өзүнүн колтамгасы эмес деген негизде гана электрондук колтамганы жана (же) ал коюлган электрондук документти юридикалык күчкө ээ эмес деп таанууга жол бербөө.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-5)
