# 3-берене. Электрондук колтамгаларды пайдалануу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Электрондук колтамга жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111635)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 19-июлундагы № 128 "Электрондук колтамга жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2446/edition/985628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111635/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук колтамга жөнүндө, 3-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-3

---

1. Электрондук колтамганы пайдалануу жаатындагы мамилелер ушул Мыйзам, электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2. Корпоративдик маалыматтык тутумда электрондук колтамганы пайдалануунун тартиби, эгерде электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, ушул тутумдун ээси тарабынан же андагы электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусу менен белгилениши мүмкүн.

3. Аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу электрондук колтамгалардын түрлөрү, ошондой эле мындай электрондук колтамгалардын туура келүүчүлүгүн камсыз кылуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-4)
