18-берене. Квалификацияланган сертификатты берүү
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор квалификацияланган сертификатты берүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) квалификацияланган сертификатты алуу үчүн ага кайрылган арыз берүүчүнүн - жеке жактын ким экендигин аныктоого;
2) арыз берүүчүнүн - юридикалык жактын атынан чыгуучу адамдан анын квалификацияланган сертификатты алуу үчүн кайрылууга укуктуулугуна тастыктоо алууга;
2. Арыз берүүчү күбөлөндүрүүчү органга кайрылууда квалификацияланган сертификатты пайдалануудагы чектөөлөрдү көрсөтүшү керек (чектөөлөр белгиленген учурларда), ошондой эле квалификацияланган сертификатка киргизүү үчүн ал берген маалыматтардын аныктыгын ырастоочу төмөнкүдөй документтерди же болбосо алардын талаптагыдай түрдө нотариаттык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүүчү борборго берет:
1) арыз берүүчүнүн - жеке жактын ким экендигин ырастоочу негизги документти же арыз берүүчүнүн - юридикалык жактын уюштуруу документтерин жана мамлекеттик каттоосу тууралуу күбөлүгүн;
2) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу тууралуу документтеринин мамлекеттик же расмий тилдеги, талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн котормосу (чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн);
3) арыз берүүчүнүн башка жактардын атынан кайрылуу укугун тастыктоочу ишеним кат же башка документ.
3. Арыз берүүчү квалификацияланган сертификатты алганда, күбөлөндүрүүчү борбор андан тил кат алуу менен, аны квалификациялуу сертификатта камтылган маалыматтар менен тааныштырууга тийиш.
4. Күбөлөндүрүүчү борбор квалификацияланган сертификатты берүү менен бир убакта квалификацияланган сертификаттын ээсине квалификацияланган электрондук колтамганы жана квалификацияланган электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча колдонмону да бериши керек.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111635/st-18" title="18-берене - Электрондук колтамга жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>