# 17-берене. Квалификацияланган сертификат

- Документ: [Электрондук колтамга жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111635)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 19-июлундагы № 128 "Электрондук колтамга жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2446/edition/985628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111635/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук колтамга жөнүндө, 17-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-17

---

1. Квалификацияланган сертификат ушул Мыйзамга ылайык белгиленген талаптарга туура келе тургандыгына тастыктоо алган күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлүүгө жатат.

2. Квалификацияланган сертификатта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) квалификацияланган сертификаттын уникалдуу номери, анын колдонулушунун башталуу жана аяктоо даталары;

2) квалификацияланган сертификаттын ээсинин - жеке жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты (эгерде бар болсо), төрөлгөн жери жана датасы, же болбосо квалификациялуу сертификаттын ээсинин - юридикалык жактын аткаруу органынын аталышы (фирмалык аталышы), каттоо номери жана катталган жана (же) иш жүзүндө жайгашкан жери;

3) колтамга текшерүү ачкычы;

4) колтамга ачкычын, колтамга текшерүү ачкычын жана квалификацияланган сертификатты түзүү үчүн пайдаланылган электрондук колтамга каражаттарынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарынын аталыштары, ошондой эле аталган каражаттардын ушул Мыйзамга ылайык белгиленген талаптарга туура келүүсүн тастыктоочу документтин реквизиттери;

5) квалификацияланган сертификатты берген күбөлөндүрүүчү борбордун аталышы жана жайгашкан жери, күбөлөндүрүүчү борбордун квалификацияланган сертификатынын номери жана бул борборду аккредиттөө тууралуу күбөлүктүн реквизиттери;

6) квалификацияланган сертификатты пайдалануудагы чектөөлөр (эгерде чектөөлөр белгиленсе);

7) арыз берүүчү тууралуу башка маалыматтар (арыз берүүчүнүн талабы боюнча).

3. Эгерде арыз ээси тарабынан анын үчүнчү жактардын атынан аракеттерди жүргүзүү укугун тастыктоочу документтер күбөлөндүрүүчү борборго берилсе, арыз берүүчүнүн мындай укуктуулуктары жана алардын колдонулуу мөөнөтү тууралуу күбөлөндүрүүчү маалыматтар квалификацияланган сертификатка киргизилет.

4. Квалификацияланган сертификат коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы аткаруу бийлик органы белгилеген талаптарга ылайык келген формада берилет.

5. Арыз берүүчүгө квалификацияланган сертификат берген аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборго берилген квалификацияланган сертификат жокко чыгарылган учурда, ошондой эле күбөлөндүрүүчү борбордун аккредиттөөсү жокко чыгарылган же анын мөөнөтү бүткөн учурда, арыз берүүчүгө аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор берген квалификацияланган сертификаттын колдонулуусу токтотулат.

6. Квалификацияланган сертификаттын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) колтамга ачкычынын купуялуулугу бузулгандыгын болжолдоого негиздер болгондо, бул ачкычты пайдаланбоого жана квалификацияланган сертификат берген күбөлөндүрүүчү борборго бул сертификаттын колдонулуусун токтотуу үчүн дароо кайрылууга;

2) квалификацияланган электрондук колтамганы квалификацияланган сертификатта камтылган чектөөлөргө ылайык пайдаланууга (эгерде мындай чектөөлөр белгиленсе).

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-18)
