# 16-берене. Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө

- Документ: [Электрондук колтамга жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111635)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 19-июлундагы № 128 "Электрондук колтамга жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2446/edition/985628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111635/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук колтамга жөнүндө, 16-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-16

---

1. Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөө юридикалык жактар болуп саналган күбөлөндүрүүчү борборлорго карата ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.

Эгерде күбөлөндүрүүчү борбордун арызында андан аз мөөнөт көрсөтүлбөсө, күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө беш жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат.

3. Аккредиттөө күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан төмөнкүдөй талаптар аткарылган шартта берилет:

1) күбөлөндүрүүчү борбордун таза активдеринин наркынын бир миллион сомдон кем эмес болушу;

2) күбөлөндүрүүчү борбор берген колтамга текшерүү ачкычынын сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтарга же күбөлөндүрүүчү борбордун сертификаттарынын реестринде камтылган маалыматка ишенүүнүн натыйжасында башка жактарга келтириле турган чыгашалар үчүн жоопкерчиликти финансылык камсыз кылуунун бир жарым миллион сомдон кем эмес суммада болушу;

3) коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы аткаруу бийлик органы белгилеген талаптарга ылайык келишине тастыктоо алган электрондук колтамга каражаттарынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарынын болушу;

4) күбөлөндүрүүчү борбордун штатында колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын түзүү жана берүү боюнча ишти түздөн-түз жүзөгө ашыруучу, маалыматтык технологиялар же маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө жогорку кесиптик билими бар же болбосо жогорку же орто кесиптик билими бар жана электрондук колтамганы пайдалануу маселелери боюнча кайра даярдоодон же квалификациясын жогорулатуудан өткөн кеминде 2 кызматкердин болушу.

4. Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө анын ыйгарым укуктуу органга берген арызы боюнча жүзөгө ашырылат.

Арызга күбөлөндүрүүчү борбордун ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келишин тастыктоочу документтер тиркелет.

5. Ыйгарым укуктуу орган берилген документтердин негизинде 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө же аккредиттөөдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.

Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөө тууралуу чечим кабыл алынган учурда, ыйгарым укуктуу орган аккредиттөө тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө, кабыл алынган чечим тууралуу күбөлөндүрүүчү борборду кабардар кылат жана аккредиттөө жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүктү тапшырат. Башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган аккредиттөө жөнүндө күбөлүктү берүү менен бир убакта, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборго аталган башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн квалификацияланган сертификатты берет. Күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөөдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, ыйгарым укуктуу орган аккредиттөөдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен, күбөлөндүрүүчү борборго кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама жиберет же тапшырат.

6. Күбөлөндүрүүчү борбордун ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга туура келбөөсү, же болбосо күбөлөндүрүүчү борбор берген документтерде анык эмес маалыматтардын болушу аккредиттөөдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

7. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор ал туура келет деп аккредиттелген талаптарды аккредиттелген бүткүл мөөнөттүн ичинде сакташы керек. Аларды сактоонун мүмкүн эместигине алып келген жагдайлар келип чыккан учурда, күбөлөндүрүүчү борбор бул тууралуу ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө дароо билдирүүгө тийиш.

Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор өз функцияларын жүзөгө ашырууда жана өзү алган милдеттенмелерин аткарууда күбөлөндүрүүчү борборлор үчүн ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоосу керек. Ыйгарым укуктуу орган аккредиттөөнүн бүткүл мөөнөтү ичинде, аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлордун ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды аткаруусуна текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун аталган талаптарды сактабагандыгы айкындалган учурда, ыйгарым укуктуу орган күбөлөндүрүүчү борборго бул бузууларды четтетүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен, бузууларды четтетүү тууралуу жазма эскертүү берүүгө жана аккредиттөөнүн колдонулушун көрсөтүлгөн мөөнөткө токтотуп турууга, бул тууралуу маалыматтарды электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген тизмекке киргизүүгө милдеттүү. Аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор анын аккредиттөөсүн токтотуп турууга негиз болгон бузуулар четтетилгендиги тууралуу ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө кабарлайт. Ыйгарым укуктуу орган бул бузуулардын иш жүзүндө четтетилгенин текшерүүгө укуктуу жана андан кийин аккредиттөөнүн колдонулушун кайра жаңыртуу тууралуу чечим кабыл алат, ал эми бузуулар жазма эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө четтетилбегенде күбөлөндүрүүчү борборду аккредиттөөнү жокко чыгарат.

8. Күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген талаптар жайылтылбайт.

9. Башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамга ылайык аккредиттөөгө жатпайт.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-17)
