# 12-берене. Электрондук колтамга каражаттары

- Документ: [Электрондук колтамга жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111635)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 19-июлундагы № 128 "Электрондук колтамга жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2446/edition/985628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111635/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук колтамга жөнүндө, 12-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-12

---

1. Электрондук колтамганы түзүү жана текшерүү үчүн, колтамга ачкычтарын жана колтамга текшерүү ачкычтарын түзүү үчүн электрондук колтамга каражаттары пайдаланылышы керек, алар:

1) кол коюлган электрондук документти ага кол коюлгандан кийин өзгөртүү фактысын аныктоого мүмкүндүк берет;

2) колтамга ачкычын электрондук колтамга ачкычынан же аны текшерүү ачкычынан алып чыгуунун иш жүзүндө мүмкүн эместигин камсыз кылат;

2. Электрондук колтамганы түзүүдө электрондук колтамга каражаты:

1) электрондук документке кол коюучу адамга ал кол коюп жаткан маалыматтын мазмунун көрсөтүүгө тийиш;

2) маалыматка кол коюучу адам электрондук колтамганы түзүү боюнча операцияны ырастагандан кийин гана электрондук колтамганы түзүүгө тийиш;

3) электрондук колтамганын түзүлгөндүгүн бир мааниде жана айкын көрсөтүүгө тийиш.

3. Электрондук колтамганы текшерүүдө электрондук колтамга каражаты:

1) электрондук колтамга коюлган электрондук документтин мазмунун көрсөтүүгө тийиш;

2) электрондук колтамга коюлган электрондук документке өзгөртүүлөр киргизилгенин көрсөтүүгө тийиш;

3) колтамгасынын ачкычын пайдалануу менен электрондук документтерге колтамга коюлган адамды көрсөтүүгө тийиш;

4. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган электрондук документтердеги электрондук колтамгаларды түзүүгө арналган же мамлекеттик сырды камтуучу маалыматтык тутумда пайдаланууга арналган электрондук колтамга каражаттары жашырындуулуктун тийиштүү деңгээлиндеги маалыматтарды коргоо боюнча талаптарга ылайык келишине милдеттүү түрдө сертификатталат.

Купуя маалыматтар камтылган электрондук документтердеги электрондук колтамганы түзүүгө арналган электрондук колтамга каражаттары мындай маалыматтын купуялуулугун бузбоосу керек.

5. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү талаптар маалыматтык тутумда электрондук колтамгаларды автоматтык түрдө түзүү же текшерүү үчүн пайдаланылуучу электрондук колтамга каражаттарына карата колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-13)
