# 11-берене. Квалификацияланган электрондук колтамганын аныктыгын таануу

- Документ: [Электрондук колтамга жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111635)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 19-июлундагы № 128 "Электрондук колтамга жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2446/edition/985628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111635/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук колтамга жөнүндө, 11-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-11

---

Соттун чечими менен башкача белгиленгенге чейин, квалификацияланган электрондук колтамга төмөнкү шарттарды бир убакта сактоо менен анык деп таанылат:

1) колтамга текшерүү ачкычын камтыган квалификациялуу сертификат аталган сертификат берилген күнгө карата аккредиттөөсү анык болгон (токтотулуп коюлбаган, токтотулбаган, жоюлбаган) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан түзүлгөндүгү жана берилгендиги;

2) колтамга текшерүү ачкычын камтыган квалификацияланган сертификат электрондук документке кол коюу күнүнө карата (электрондук документке кол коюу учуру тууралуу анык маалымат болгондо) же, эгерде кол коюу учуру белгисиз болсо, текшерүү күнүнө карата анык болгондугу (колдонулуусу токтотулбагандыгы, жокко чыгарылбагандыгы);

3) электрондук документке коюлган квалификацияланган электрондук колтамганын сертификатынын өз ээсине таандыктыгын жана бул документке кол коюлгандан кийин киргизилген өзгөртүүлөрдүн жок экендигин текшерүү оң натыйжа бергендиги. Мында текшерүү ушул Мыйзамга ылайык белгиленген талаптарга туура келе тургандыгына ырастоо алган электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен жана документке колтамга койгон адамдын квалификацияланган сертификатын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат;

4) квалификацияланган электрондук колтамга бул документке кол койгон адамдын квалификацияланган сертификатында камтылган чектөөлөргө ылайык колдонула тургандыгы (эгерде чектөөлөр белгиленсе).

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-12)
