# 10-берене. Күчөтүлгөн электрондук колтамганы пайдаланууда электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын милдеттери

- Документ: [Электрондук колтамга жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111635)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 19-июлундагы № 128 "Электрондук колтамга жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2446/edition/985628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111635/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук колтамга жөнүндө, 10-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-10

---

Күчөтүлгөн электрондук колтамганы пайдаланууда электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) колтамга ачкычынын купуялулугун камсыз кылууга, атап айтканда аларга таандык колтамгалардын ачкычтарын алардын макулдугусуз пайдаланууга жол бербөөгө;

2) кайсы болбосун учурда, колтамга ачкычынын купуялуулугу бузулгандыгы тууралуу маалыматты алган учурдан тартып бир жумушчу күндөн кечиктирбестен, колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын берген күбөлөндүрүүчү борборго жана электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларына мындай бузуу жөнүндө токтоосуз билдирүүгө;

3) колтамга ачкычынын купуялуулугу бузулду деп болжолдоого негиз болгондо бул ачкычты пайдаланбоого;

4) ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгына тастыктоо алган электрондук колтамга каражаттарын квалификацияланган электрондук колтамга коюлган электрондук документтерди өз ара алышууну жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-11)
