# 8-берене. Комиссия

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 8-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-8

---

1. Комиссия Кеңештин туруктуу иштөөчү жумушчу органы болуп саналат. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалар менен мекемелердин мамлекеттик башкарууга өтүү процессиндеги, анын ичинде, электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу жана көрсөтүү процессиндеги иштерин күндөлүк координациялоо Комиссиянын максаты болуп саналат.

2. Комиссияны анын төрагасы жетектейт, ал Комиссиянын ишин уюштурат жана жыйналыштарын өткөрөт, Кеңеште жана башка мамлекеттик органдарда Комиссиянын атынан чыгат. Комиссиянын төрагасы Комиссияга укуктук актылар, анын ичинде Кеңештин чечимдери менен жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жекече жоопкерчилик тартат. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Комиссиянын жооптуу катчысы болуп саналат.

3. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

1) жетекчилердин буйруктары менен ыйгарым укуктар берилген, электрондук башкарууга өтүү боюнча ички пландарды даярдоого жана ишке ашырууга жооптуу болгон, министрлердин, бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттин административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирген административдик ведомстволордун, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилеринин орун басарлары.

2) маалыматтык технологиялар жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү жооптуу кызматкерлер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирген бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун электрондук башкарууга өтүүнүн техникалык тарабына жооптуу кызмат адамдары.

4. Комиссиянын иши Комиссиянын жыйналыштары жана Комиссиянын жумушчу топторунун жыйналыштары түрүндө уюштурулат. Комиссия мүчөлөрү анын жыйналыштарына жана өздөрү кирген жумушчу топтордун жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

Комиссиянын чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана Комиссиянын бардык мүчөлөрү аткарууга милдеттүү. Комиссиянын мүчөлөрү Комиссиянын чечимдеринин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.

5. Комиссия өз ыйгарым укуктарынын алкагында:

1) коллегиялуулуктун жана кабыл алынып жаткан чечимдердин өз ара алгылыктуулугунун негизинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын позицияларын жана пландарын ведомстволор аралык макулдашууну жүзөгө ашырат;

2) электрондук башкарууга өтүүнүн бекитилген программаларын жана пландарын ишке ашыруу, Кеңештин чечимдерин жана электрондук башкаруу жаатындагы башка укуктук актыларды аткаруу үчүн зарыл болгон эң мыкты уюштуруучулук-техникалык чечимдерди издөөнү жана макулдашууну камсыз кылат;

3) электрондук башкаруунун бирдиктүү инфратүзүмүнүн алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн стандарттарын иштеп чыгат жана аларды ишке ашырууну камсыз кылат;

4) электрондук башкарууга өтүүнүн бекитилген программаларын жана пландарын ишке ашыруунун, Кеңештин чечимдерин жана электрондук башкаруу жаатындагы башка укуктук актыларды аткаруунун ведомстволук ички пландарын ("жол карталарын") макулдашат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

5) электрондук башкаруу жаатындагы терминдердин бирдиктүү глоссарийин алып барат, глоссарийге киргизүү үчүн терминдердин аныктамаларын макулдашат;

6) эл аралык жана улуттук бар тажрыйбаны эске алуу менен, электрондук башкаруу жаатындагы нормативдик-техникалык документтерди жана сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгат жана жарыялайт;

7) зарылдыкка жараша өз ишине, жумушчу топтордун ишине тийиштүү адистерди жана эл аралык эксперттерди тартат.

6. Комиссиянын төрагасы Кеңештин ар бир жыйналышында Кеңешке Комиссиянын иши жөнүндө отчет берет. Комиссиянын иши тууралуу отчеттор Комиссиянын Интернеттеги сайтына жарыяланууга жатат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-9)
