# 7-берене. Кеңеш

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 7-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-7

---

1. Электрондук башкаруу жаатында Кыргыз Республикасынын саясатын иштеп чыгуу жана талкуулоо Кеңештин ишинин максаты болуп саналат. Кеңештин өз ыйгарым укуктарын чектеринде кабыл алган чечимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары менен бекитилет жана бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, уюмдар жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

2. Кеңештин ыйгарым укуктары:

1) электрондук башкарууга өтүү маселелери боюнча, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүгө карата сунуштарды кароо;

2) Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнүн программаларын жана пландарын даярдоо жана талкуулоо;

3) электрондук башкаруу жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына киргизилген укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле электрондук башкаруу жаатындагы мыйзамдардын долбоорлорун макулдашуу;

4) ушул Мыйзамдын, электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларынын аткарылышына мониторинг;

5) Комиссиянын жана ыйгарым укуктуу органдын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө;

6) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн стандарттарынын жана административдик регламенттеринин долбоорлорун макулдашуу.

3. Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптарды башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга жөнөтүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн органдардын жана уюмдардын жетекчилеринин Кенештин жыйынына өздүк катышуусун талап кылууга укуктуу. Кеңештин электрондук башкаруу маселелерине арналган суроо-талаптарын жана талаптарын Кыргыз Республикасынын бардык органдары жана уюмдары аткарууга милдеттүү. Кеңештин жооптуу катчысы болуп ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси саналат.

4. Кеңеш ар жыл сайын, Кеңештин сунушу боюнча электрондук башкаруу жаатында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар жана аталган актылардын аткарылышына мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүгө сарптоолор тууралуу маалыматтарды кошуп алганда, өткөн жылдагы электрондук башкарууга өтүү боюнча пландардын жана программалардын ишке ашырылышы тууралуу отчетту Интернеттеги өз сайтында жарыялап турат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-8)
