# 5-берене. Электрондук башкарууну мамлекеттик жөнгө салууну уюштуруу

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 5-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-5

---

1. Электрондук башкарууну мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү төмөндөгүлөр координациялайт:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча Кеңеш (мындан ары - Кеңеш), ал Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү координациялоо боюнча жогорку орган болуп саналат;

2) Маалыматташтырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия), ал Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда жана мекемелерде электрондук башкарууга өтүү боюнча ведомстволук долбоорлорду ведомстволор аралык макулдашууну жана координациялоону камсыз кылат, анын ичинде электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жана берүү процессинде камсыз кылат.

3. Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү уюштуруучулук-усулдук, маалыматтык-талдоочулук жана техникалык жактан камсыз кылууну электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жүзөгө ашырат.

4. Эгерде ушул Мыйзамда жана ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган атыларда башкача белгиленбесе, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер, башка уюмдар, электрондук башкаруу тартибин өз уюмдарынын алкагында өз алдынча аныкташат.

5. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана жарандар алардын ортосундагы өз ара мамилелерде электрондук башкарууну жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу макулдашууларды түзүүгө укуктуу. Мындай макулдашуулардын шарттары макулдашуунун бардык тараптары үчүн милдеттүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-6)
