# 28-берене. Маалымат ээсинин укуктарын коргоо

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 28-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-28

---

1. Маалымат ээсинин укуктарын коргоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) маалыматты коргоонун техникалык чараларын киргизүү;

2) укук бузулганга чейинки абалды калыбына келтирүү жана укук бузган же аны бузуу коркунучун жараткан аракеттерге бөгөт коюу;

3) маалымат алуучуну өз милдеттерин же маалымат ээсинин мыйзамдуу талаптарын аткарууга мажбурлоо;

4) чыгашалардын, анын ичинде маалыматка жетүүгө мыйзамдуу белгиленген чектөөлөрдү, ошондой эле маалыматтын купуялуулугун сактоо тууралуу жана таратылуучу маалыматтын булагын көрсөтүү тууралуу талаптарды бузуу менен келтирилген чыгашалардын ордун толтуруу;

5) моралдык зыянды компенсациялоо;

6) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мыйзамга каршы келген актысын сот тарабынан колдонбоо;

7) мыйзамда каралган башка ыкмалар менен.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында каралган чаралар маалыматтык ортомчуларга, башкача айтканда, төмөнкүдөй кызматтарды көрсөткөн жактарга карата колдонулбайт:

1) же болбосо маалыматты башка адам тарабынан өзгөртүүсүз жана оңдоосуз берүү шарты менен берүү боюнча;

2) же болбосо бул адам маалыматты мыйзамсыз түрдө таратып жаткандыгын билбеген шартта маалыматты сактоо жана аны алууну камсыз кылуу боюнча.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-29)
