# 27-берене. Маалыматка жетүү укугун коргоо

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634#diff=1119212..26276>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 27-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-27

---

1. Маалымат алуу укугун бузган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, кызмат адамдарынын чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) жогору турган органга, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) же жогору турган кызмат адамына, сотко "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.".

2. Маалыматтын жеткиликтүүлүгүнөн мыйзамсыз баш тартуунун, аны өз убагында бербөөнүн, билип туруп анык эмес же суроо-талаптын мазмунуна туура келбеген маалыматты берүүнүн натыйжасында чыгаша келтирилсе, мындай чыгашанын орду жарандык мыйзамдарга ылайык толтурулууга тийиш. Маалыматка жетүү укугунун бузулушунан улам келтирилген моралдык залалдын ордун толтуруу мүлктүк залалдын жана келтирилген чыгашанын ордун толтурууга көз карандысыз түрдө жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-28)
