Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутуму
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутуму жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин пайдасына башка төлөмдөрдү жүргүзгөндүгү тууралуу маалымат алышууга арналган.
2. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутумун алып баруу, өнүктүрүү жана тейлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Жободо төмөнкүлөр аныкталат:
1) төлөнүүгө жатуучу сумманы, мындай маалыматты алуу жана берүү тартибин кошуп алганда, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле башка төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтардын тизмеги;
2) төлөнүүгө жатуучу сумманы, мындай маалыматты алуу жана берүү тартибин кошуп алганда, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле башка төлөмдөрдүн жүргүзүлгөндүгүн тастыктоочу маалыматтардын тизмеги;
3) электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутумуна жетүүнүн тартиби.
4. Арыз берүүчү акча каражаттарын төлөөнү жүргүзгөн банк, башка кредиттик уюм, башка органдар же уюмдар төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалыматты электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутумуна токтоосуз жиберүүгө милдеттүү.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер берилген кызмат көрсөтүүлөр үчүн арыз берүүчү тарабынан төлөнүүгө жатуучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда башка төлөмдөрдүн суммасын эсептөө жүзөгө ашырылгандан кийин, аны төлөө үчүн зарыл маалыматты мамлекеттик жана муниципалдык төлөмдөр жөнүндө мамлекеттик тутумга токтоосуз жөнөтүүгө милдеттүү.
Көңүл буруңуздар! 25-берененин жоболору 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111634/st-26" title="26-берене - Электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>