# 24-берене. Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлору

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 24-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-24

---

1. Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлору жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдары мамлекеттик маалыматтык тутумдарды жайгаштырууга жана иштетүүгө арналган.

2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен курулган, ижара, кызматтарды көрсөтүү келишимдеринин негизинде, башка келишимдик негизде пайдаланылган маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдары электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамында пайдаланылышы мүмкүн.

3. Туруктуулукка жана корголуучулукка карата талаптарды кошуп алганда, маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды, ошондой эле маалыматтарды иштөө борборлорун жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарын электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына киргизүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-25)
