# 23-берене. Идентификациянын бирдиктүү тутуму

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 23-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-23

---

1. Идентификациянын бирдиктүү тутуму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда маалыматтык тутумдарда камтылган маалыматка карата санкцияланган жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

2. Идентификациянын бирдиктүү тутуму төмөнкүдөй функцияларды аткаруу үчүн пайдаланылат:

1) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тууралуу маалыматтарды идентификациялоо, анын ичинде электрондук колтамгаларды текшерүү ачкычтарынын квалификацияланган сертификаттарын пайдалануу менен, бирдиктүү тутумга киргизилүүчү, маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучусунун идентификаторун же анын маалыматтык тутумунун идентификаторун ушул катышуучу жөнүндө же анын маалыматтык тутуму жөнүндө тийиштүү базалык маалыматтык ресурста сакталып турган маалыматтар менен салыштыруу аркылуу идентификациялоо;

2) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тууралуу маалыматтарды (алардын маалыматтык системалары тууралуу маалыматтарды) аутентификациялоо, анын ичинде электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын квалификацияланган сертификаттарын пайдалануу менен, аларга киргизилген идентификатордун маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучусуна же анын маалыматтык системасына таандыктыгын текшерүү, ошондой эле идентификатордун аныктыгын тастыктоо аркылуу аутентентификациялоо;

3) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын алар жеткиликтүүлүгүн сураган маалыматтык тутумдарга карата ыйгарым укуктары тууралуу маалыматтарды алып баруу жана берүү жагында алардын автордугун тастыктоо;

4) идентификациядан жана аутентификациядан өткөн маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын, органдардын жана уюмдардын, ошондой эле алардын бирдиктүү системанын регистрлериндеги, анын ичинде электрондук колтамгаларды текшерүү ачкычтарынын квалификацияланган сертификаттарын пайдалануу менен түзүлгөн регистрлериндеги идентификаторлорунун тизмегин түзүү;

5) идентификациялык маалыматтардын аныктыгын текшерүү;

6) идентификациялык маалыматтарды ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү тутумун пайдалануу менен маалыматтык тутумдарга берүү;

7) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн кайрылган адамдарды идентификациянын бирдиктүү тутумунда каттоо үчүн активациялоо кодун жана жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычын даярдоо (генерациялоо).

3. Башкы ырастоочу борбордун маалыматтык тутуму, "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бирдиктүү идентификация тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган идентификациянын бирдиктүү тутумунун оператору болуп саналат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-24)
