22-берене. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму электрондук башкарууну жүзөгө ашырууда, анын ичинде электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын ортосунда маалымат алышууну камсыз калат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун оператору болуп саналат.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана берүүгө катышуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мындай органдардын жана уюмдардын маалыматтык тутумдарынын ортосунда маалымат алышууну камсыз кылууга милдеттүү.
4. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык, электрондук башкаруудагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруучулук-технологиялык курууга карата дүйнөлүк мамиле кылуулардын жана Кеңеш менен Комиссиянын чечимдеринин негизинде түзүлөт, өнүктүрүлөт жана иштетилет.
5. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилүүчү документтердин жана маалыматтардын тизмеги "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн регламенттеринде белгиленет.
6. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын курамында сурап-билүү маалымат системасы түзүлөт, ал мамлекеттик реестрлерди автоматтык түрдө түзүүгө, актуалдаштырууга жана пайдаланууга, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүдө маалыматтык алмашуу объекттерин бир түрдүү берүүнү камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу техникалык мүнөздөгү маалыматты жайгаштырууга, сактоого жана актуалдаштырууга арналат. Бул объекттер жөнүндө маалыматтар мамлекеттик жана муниципалдык маалыматтык ресурстарда камтылат жана мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткарууда жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүдө пайдаланылат. Бул маалымат системасы маалыматты тутумдаштыруу жана ага код коюу чөйрөсүндөгү маалыматка карата талаптарды эсепке алуу менен иштейт.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-марты № 156 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны…Постановление · 22.03.2023 · № 156
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 152 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдар…Постановление · 26.08.2021 · № 152
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык…Постановление · 22.03.2023 · № 151
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111634/st-22" title="22-берене - Электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>