# 21-берене. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 21-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-21

---

1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (портал) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу жана Интернетти пайдаланып таратууга арналган, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызматтардын реестрлерине киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарга арыз ээлеринин жетүүсүн камсыз кылуучу мамлекеттик маалыматтык тутум болуп саналат.

2. Портал төмөндөгүлөрдү камсыз кылат:

1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринде камтылган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтардын арыз берүүчүлөргө жетимдүү болушун;

2) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн суроо-талапты жана башка зарыл документтерди электрондук формада көчүрүүнүн жана толтуруунун жетимдүү болушун;

3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө суроо-талапты жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл башка документтерди берүү үчүн арыз берүүчүгө мүмкүндүктү;

4) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө суроо-талапты аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматтарды алуу үчүн арыз берүүчүгө мүмкүндүктү;

5) мыйзамда тыюу салынган учурларды кошпогондо, арыз берүүчүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн натыйжаларын арыз берүүчүнүн алуу мүмкүндүгүн;

6) эгерде мыйзамда башкача каралбаса, көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү арыз берүүчүнүн төлөө мүмкүндүгүн;

Көңүл буруңуздар! 21-берененин 2-бөлүгүнүн 3-6-пункттары 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Аткарылышы портал менен камсыз кылынуучу башка функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган порталдын оператору болуп саналат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-22)
