# 20-берене. Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстар

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 20-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-20

---

1. Электрондук башкарууда актуалдуу, так жана толук маалыматтарды пайдалануу; маалыматты бир жолу чогултуу жана көп жолу пайдалануу максаттарында Кыргыз Республикасында базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстар түзүлөт жана пайдаланылат.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарында бар маалыматтарды башка жактардан мамлекеттик базалык маалыматтык ресурстарда камтылган маалыматтарды актуалдаштыруу максатында гана суроого укуктуу.

3. Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга төмөндөгүлөр кирет:

1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлери;

2) электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри;

3) калктын мамлекеттик реестри;

4) кыймылсыз мүлккө укуктардын реестри;

5) транспорттун реестри;

6) юридикалык жактардын реестри;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына ылайык базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга киргизилген башка мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана реестрлер.

4. Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартибине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Көрсөтүлгөн талаптар жекече маалыматтардын субъекттеринин укуктарын сактоону камсыз кылууга багытталган чаралардын тизмегин жана ушул Мыйзамга ылайык маалымат коргоо чараларын, анын ичинде, базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарда камтылган купуя маалыматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды камтууга тийиш. Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстар тууралуу маалыматтар жана базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарынын маалыматтарына жетүүнүн тартиби тууралуу маалыматтар базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрине киргизилет, аны түзүүнүн, актуалдаштыруунун жана пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-21)
