# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634#diff=1119211..1119212>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 2-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылган түшүнүктөр төмөндөгүлөрдү билдирет:

1) маалымат - берүү формасына карабастан маалыматтар (билдирүүлөр, кабарлоолор);

2) маалыматтык технологиялар - маалыматтарды издөөнүн, жыйноонун, сактоонун, колдонуунун, берүүнүн, таратуунун процесстери, ыкмалары;

3) маалыматтык тутум - маалыматтар базаларында камтылган маалыматтын жана аны иштөөнү камсыз кылуучу технологиялардын жана техникалык каражаттардын жыйындысы;

4) маалыматтын ээси - маалыматты өз алдынча түзгөн же болбосо мыйзамдын же келишимдин негизинде белгилүү бир маалыматка жетүүгө уруксат берүү же чек коюу укугун алган жак (жеке жак же юридикалык жак, анын ичинде Кыргыз Республикасы жана муниципалдык түзүлмөлөр);

5) маалыматка жетүү - маалыматты алуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгү;

6) маалыматты берүү - маалыматты жактардын белгилүү бир чөйрөсүнүн алуусуна же маалыматты жактардын белгилүү бир чөйрөсүнө берүүгө багытталган аракеттер;

7) маалыматты таратуу - маалыматты жактардын белгисиз бир чөйрөсүнүн алуусуна же маалыматты жактардын белгисиз бир чөйрөсүнө берүүгө багытталган аракеттер;

8) документ – текст, үн жазуу, сүрөт жана (же) алардын айкалышы түрүндө ага түшүрүлгөн маалыматы бар материалдык алып жүрүүчү, ал идентификациялоого мүмкүндүк берген реквизиттерге ээ жана коомдук пайдалануу жана сактоо максатында убакыт ичинде жана мейкиндикте берүү үчүн арналган ;

9) электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда, электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабылдоосу үчүн жарактуу түрдө, ошондой эле маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу берүү же маалымат тутумдарында иштетүү үчүн берилген документтештирилген маалымат;

10) кагаз документтин электрондук түрү (электрондук түр) - кагаз түрүндөгү документтин сканерленген же фотосүрөткө тартылган, кагаз түрүндөгү сканерленген документтин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизбестен техникалык каражаттардын жардамы менен бир бүтүн электрондук формага айландырылган түрү болуп саналуучу электрондук формадагы маалымат.

Көңүл буруңуздар! 2-берененин 10-пункту 2021-жылдын 1-январына чейин колдонулат. 2022-жылдын 18-январындагы №4 КР Мыйзамынын редакциясына ылайык

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-3)
