# 19-берене. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 19-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-19

---

1. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана бул органдардын ортосунда маалымат алышууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле мыйзамдарда көрсөтүлгөн башка максаттарда түзүлөт.

2. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мамлекеттик маалыматтык тутумдарга карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптар муниципалдык маалыматтык тутумдарга да таркалат.

3. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен түзүлөт жана иштетилет.

4. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар жеке жактар, уюмдар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалыматтардын негизинде түзүлөт жана иштетилет. Мамлекеттик маалыматтык тутумдарга милдеттүү түрдө маалымат берүү учурлары мыйзамда белгиленет.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик маалыматтык тутумдарды түзүү, өнүктүрүү, ишке киргизүү, иштетүү, иштетүүдөн чыгаруу тартибине карата талаптарды, ошондой эле алардын маалыматтар базасында камтылган маалыматтарды коргоого карата талаптарды бекитет.

6. Мамлекеттик маалыматтык тутумдарды алардын интеллектуалдык менчик объекттери болуп саналган компоненттерин пайдаланууга укуктарды талаптагыдай жол-жоболобостон иштетүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-20)
