# 18-берене. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамы

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634#diff=1119212..26276>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 18-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-18

---

1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар тарабынан электрондук башкарууда пайдаланылуучу маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын иретке салынган жыйындысы болуп саналат.

2. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү төмөнкүдөй деңгээлдерде түзүлөт:

1) маалыматтарды иштеп чыгуучу мамлекеттик борборлордон жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарынан түзүлүүчү инфратүзүмдүк деңгээл;

2) электрондук эсептегич машиналар үчүн программалардан жана электрондук башкарууда колдонулуучу маалыматтар базаларынан түзүлүүчү тиркемелер деңгээли;

3) электрондук башкарууда сакталуучу, алынуучу, таратылуучу же башка түрдө иштелүүчү маалыматтан жана электрондук документтерден турган маалыматтар деңгээли;

4) алкагында инфратүзүм, программалык камсыздоо, маалыматтар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткаруу, мыйзам менен тыюу салынбаган, электрондук башкаруунун алкагындагы башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу сервистер деңгээли.

3. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына төмөндөгүлөр кирет:

1) электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы;

2) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму;

3) идентификациянын бирдиктүү тутуму;

4) маалыматтарды иштеп чыгуу жана алардын байланыш каналдарын бириктирүүчү мамлекеттик борборлор;

5) электрондук кабарлардын мамлекеттик тутуму;

6) электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутуму;

7) базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстар;

8) "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү ачык маалыматтар инфратүзүмү;

9) геодезия жана картография жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү мейкиндиктик маалыматтар жана даректик регистр инфратүзүмү;

10) башка мамлекеттик маалыматтык тутумдар.

4. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына маалыматтык тутумдарды, маалыматтарды иштөө борборлорун, башка элементтерди киргизүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ишке киргизилген элементтерге карата - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын негизинде;

2) ушул Мыйзамга ылайык ишке киргизилген элементтерге карата - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын негизинде.

5. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри базалык мамлекеттик маалыматтык ресурс болуп саналат.

6. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүн түзүү, өнүктүрүү жана иштетүү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-19)
