# 17-берене. Маалыматтык тутумдар

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 17-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-17

---

1. Техникалык каражаттарды сатып алуу, маалыматтык технологияларды сатып алуу же иштеп чыгуу, маалыматтар базаларын түзүү жана алып баруу аркылуу маалымат тутумун түзүүнү жана иштетүүнү уюштурган жак маалыматтык тутумдун ээси деп таанылат.

2. Маалыматтык тутумдар алардын ээси ким экендигине жараша, мамлекеттик, муниципалдык же башка маалымат тутуму деп айырмаланат. Кыргыз Республикасына жана муниципалдык түзүлмөлөргө таандык маалыматтык тутумдардын ээлеринин ыйгарым укуктары мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, алардын ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктарынын алкагында жүзөгө ашырылат.

3. Маалыматтык тутумду түзүү жана иштетүү тартиби, анын ичинде маалыматтарды маалыматтык тутумда коргоо боюнча талаптар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, анын ээси тарабынан аныкталат.

4. Маалыматтык тутумдун ээси аны иштетүүнү өз алдынча жүзөгө ашыра алат же болбосо бул функцияны башка адамга - маалыматтык тутумдун операторуна жүктөшү мүмкүн. Маалыматтык тутумду иштетүү функциясын башка адамга жүктөбөгөн маалыматтык тутумдун ээси (же болбосо маалыматтык тутумдун ээсинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) ошол маалыматтык тутумдун оператору деп таанылат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-18)
