# 16-берене. Электрондук документтер

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 16-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-16

---

1. Электрондук башкарууда электрондук документтерди алышуу электрондук башкаруунун электрондук документтерди жөнөткөн жана алган катышуучуларын так аныктоого мүмкүндүк берүүчү байланыш каналдарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтериндеги, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу болуп саналуучу электрондук документтердеги реквизиттерге жана маалыматты берүү формасына (форматына) карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Электрондук башкарууда электрондук колтамганы пайдалануу "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдалануучу, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулар үчүн пайдаланылуучу электрондук колтамгалардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

5. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууда жөнөкөй электрондук колтамгаларды пайдалануунун эрежелери, анын ичинде жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычтарын түзүү жана берүү эрежелери, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу максатындагы жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычтарын түзүүгө жана берүүгө укуктуу органдардын жана уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Мындай эрежелерде төмөндөгүлөр каралууга тийиш:

1) жөнөкөй электрондук колтамгалар жана (же) аларды түзүү технологиясы туура келүүгө тийиш болгон талаптар;

2) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу максатындагы жөнөкөй электрондук колтамганын ачкычын адамга берүүдө анын керт башын аныктоонун ыкмалары.

6. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөндөгүлөр камсыз кылынышы керек:

1) бул органдарга кайрылуу үчүн кайсы болбосун адамдардын жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычын акысыз алууга мүмкүнчүлүгү;

2) жөнөкөй электрондук колтамгаларды пайдалануу менен мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу үчүн атайын арналган программалык жана аппараттык каражаттарды жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусунун зарылдыгы жоктугу.

7. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына электрондук формада кайрылууга мыйзамдарда же башка ченемдик укуктук актыларда тыюу салынган учурларды кошпогондо, жөнөкөй электрондук колтамга коюлган жана арыз берүүчү ушул берененин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жөнөткөн кайрылуулар жана ага тиркелген документтер адам өзү кол койгон жана кагаз түрүндө берилген кайрылуу же башка документтер менен бирдей деп деп таанылат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-17)
