# 15-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекет жана муниципалдык түзүлмөлөр катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана муниципалдык бюджеттерден финансылануучу уюмдардын карамагында турган маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634#diff=1119212..26276>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 15-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-15

---

1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттин жана муниципалдык түзүлмөлөрдүн катышуусу бар юридикалык жактар, ошондой эле республикалык жана муниципалдык бюджеттерден финансылануучу юридикалык жактар "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, өздөрүнүн иши тууралуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, анын ичинде Интернет аркылуу да камсыз кылууга милдеттүү. Мындай маалыматтын жеткиликтүү болушун каалаган адам маалыматты алуу зарылдыгын негиздөөгө милдеттүү эмес.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекет жана муниципалдык түзүлмөлөр катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана муниципалдык бюджеттерден финансылануучу уюмдардын карамагында турган маалыматтар, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, акысыз берилет.

(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-16)
