# 14-берене. Маалыматты таратуу жана маалыматты берүү

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2020 года № 94 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об электронном управлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/112113)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634#diff=1119210..1119211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 14-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталганда Кыргыз Республикасында маалыматты таратуу эркин жүзөгө ашырылат.

2. Таратылып жаткан маалымат өзүндө анын ээси тууралуу же маалыматты таратуучу башка жак тууралуу, мындай жакты идентификациялоого жетиштүү формадагы жана көлөмдөгү анык маалыматтарды камтууга тийиш. Маалыматты Интернет аркылуу таратууда маалыматты таратуучу аны менен же маалымат ээси менен электрондук почта же башка ушундай каражат аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек.

3. Маалымат алуучуларды аныктоого мүмкүндүк берген каражаттарды маалыматты таратуу үчүн пайдаланууда маалымат таратуучу маалымат алуучуга мындай маалыматтан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

4. Маалымат берүү ченемдик укуктук актыда же маалымат алышууга катышуучу адамдардын ортосундагы макулдашууда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Маалыматтарды милдеттүү түрдө таратуу же берүү, анын ичинде, документтердин милдеттүү нускаларын берүү учурлары жана шарттары мыйзамда белгиленет.

6. Согушту пропагандалоого, улуттук, регион аралык, расалык же диний жек көрүүнү жана кастыкты тутантууга багытталган маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган башка маалыматтарды таратууга жана жарыялоого тыюу салынат.

(КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-15)
