# 13-берене. Купуя маалымат

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634#diff=1119212..26276>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 13-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-13

---

1. "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мамлекеттик сектордун субъекттерин кошпогондо, маалымат ээсинин чечими менен алуу чектелген жана маалымат ээсинин каалоосу боюнча алар тарабынан каралган шарттарга ылайык аныкталган тартипте жайылтылышы мүмкүн болгон маалымат купуя маалымат деп таанылат.

2. Купуя маалыматтарга төмөнкүдөй маалыматтар кирет:

1) адамдын жеке жашоосу жөнүндө;

2) (КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) коммерциялык сырды камтуучу;

4) алдын ала тергөөнүн материалдары жөнүндө, процесстик мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүгү чектеле турган башка маалыматтар;

5) салыктык, банктык, медициналык, адвокаттык, журналисттик сырларды, бала багып алуу сырын жана камсыздандыруу сырын, башка кесиптик сырларды түзүүчү;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтар.

3. Мамлекеттик сырларга таандык маалыматка жетүүнү чектөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Мыйзамга же маалымат ээсинин чечимине ылайык белгиленген маалымат жеткиликтүүлүгүнө чектөөлөрдү бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

5. Төмөнкүлөрдүн жеткиликтүүлүгү чектелиши мүмкүн эмес:

1) адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин козгоочу, ошондой эле уюмдардын укуктук абалын жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын;

2) жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү табигый кырсыктар, кыйроолор жана чукул кырдаалдар жөнүндө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу коркунучун, алардын жеке коопсуздугуна коркунучту түзүүчү жагдайлар жөнүндө маалыматтын;

3) айлана-чөйрөнүн ал-абалы жөнүндө маалыматтын;

4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө, ошондой эле бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө (мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматтарды кошпогондо) маалыматтын;

5) мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзам бузуулары жөнүндө маалыматтын;

6) китепканалардын, музейлердин жана архивдердин ачык фонддорундагы маалыматтын.

(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-14)
