# 12-берене. Жалпыга жеткиликтүү маалымат жана ачык маалыматтар

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 12-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-12

---

1. Эгерде маалыматка жетүү мыйзамга же маалымат ээсинин чечимине ылайык чектелбесе, ал жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

2. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата өзгөчө укуктар, ошондой эле мыйзамдарда маалыматтын айрым түрлөрүн таркатууга, берүүгө, пайдаланууга же башкача иштетүүгө карата белгиленген чектөөлөр сакталган шартта, жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды кайсы болбосун жактар пайдалана алат.

3. Маалымат ээси тарабынан жалпыга жеткиликтүү кылынган маалыматты андан ары таратууну маалымат ээси өзүн мындай маалыматтын булагы катары көрсөтүүгө милдеттүүлүк менен шарттоого укуктуу.

4. Маалыматты кайталап пайдалануу максатында адам тарабынан аны алдын ала өзгөртүүсүз автоматташтырылган иштеп чыгууга жол берүүчү форматтагы маалымат, анын ичинде Интернет аркылуу таралган маалымат ачык маалымат болуп саналат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-13)
