# 11-берене. Маалымат ээсинин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 11-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-11

---

1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, маалымат ээси төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өз ыктыяры боюнча маалыматка жетүүгө уруксат берүүгө же чек коюуга, маалыматка жетүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоого;

2) маалыматты өз ыктыяры боюнча пайдаланууга, анын ичинде таркатууга;

3) маалыматты башка жактарга келишим боюнча же мыйзамда белгиленген башка негизде берүүгө;

4) маалыматты башка жактар мыйзамсыз алган же мыйзамсыз пайдаланган учурда мыйзамда белгиленген ыктар менен өз укуктарын коргоого;

5) маалыматка байланыштуу башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, же болбосо мындай аракеттерди жүзөгө ашырууга уруксат берүүгө.

2. Маалымат ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) башка жактардын маалыматка жетүү укугун жүзөгө ашырууда аларга көмөктөшүүгө;

2) эгерде мындай милдеттүүлүк мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же тараптардын макулдашуусунда белгиленсе, маалыматка жетүүнү чектөөгө.

3. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, маалымат ээси, маалыматты башка жакка берүүнү жактын мындай маалыматты анын ээсинин үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттүүлүгү менен шарттоого укуктуу (маалыматтын купуялуулугун сактоо жөнүндө талап). Маалыматтын купуялуулугун сактоо жөнүндө талапты бузган маалымат алуучу мындай бузуу аркылуу маалымат ээсине келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө, төмөнкүдөй учурларды кошпогондо, милдеттүү:

1) маалымат жалпыга жеткиликтүү болуп саналганда же маалымат алуучу өз милдеттерин бузгандыгынан улам маалымат ушундай болуп калганда;

2) маалымат алуучу маалыматты мурда эле өз алдынча иштегенде же үчүнчү жактардан анын купуялуугун сактоо жөнүндө талап коюлбастан алганда.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-12)
