Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Маалымат ээсинин укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, маалымат ээси төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз ыктыяры боюнча маалыматка жетүүгө уруксат берүүгө же чек коюуга, маалыматка жетүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоого;
2) маалыматты өз ыктыяры боюнча пайдаланууга, анын ичинде таркатууга;
3) маалыматты башка жактарга келишим боюнча же мыйзамда белгиленген башка негизде берүүгө;
4) маалыматты башка жактар мыйзамсыз алган же мыйзамсыз пайдаланган учурда мыйзамда белгиленген ыктар менен өз укуктарын коргоого;
5) маалыматка байланыштуу башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, же болбосо мындай аракеттерди жүзөгө ашырууга уруксат берүүгө.
2. Маалымат ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) башка жактардын маалыматка жетүү укугун жүзөгө ашырууда аларга көмөктөшүүгө;
2) эгерде мындай милдеттүүлүк мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же тараптардын макулдашуусунда белгиленсе, маалыматка жетүүнү чектөөгө.
3. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, маалымат ээси, маалыматты башка жакка берүүнү жактын мындай маалыматты анын ээсинин үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттүүлүгү менен шарттоого укуктуу (маалыматтын купуялуулугун сактоо жөнүндө талап). Маалыматтын купуялуулугун сактоо жөнүндө талапты бузган маалымат алуучу мындай бузуу аркылуу маалымат ээсине келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө, төмөнкүдөй учурларды кошпогондо, милдеттүү:
1) маалымат жалпыга жеткиликтүү болуп саналганда же маалымат алуучу өз милдеттерин бузгандыгынан улам маалымат ушундай болуп калганда;
2) маалымат алуучу маалыматты мурда эле өз алдынча иштегенде же үчүнчү жактардан анын купуялуугун сактоо жөнүндө талап коюлбастан алганда.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111634/st-11" title="11-берене - Электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>