# 10-берене. Электрондук башкаруудагы маалымат жана маалыматтык технологиялар

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 10-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-10

---

1. Кыргыз Республикасында электрондук башкаруу толук, анык жана актуалдуу маалыматтын негизинде жүзөгө ашырылат. Электрондук башкарууну жүзөгө ашырууда маалыматтын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылуу ошол маалыматтын ээсине жүктөлөт.

2. Маалымат жарыялык, жарандык жана башка укуктук мамилелердин объекти боло алат. Мамлекеттик сырларга киргизилген маалыматты кошпогондо, маалымат кайсы болбосун адам тарабынан эркин пайдаланылышы, бир адамдан башка бир адамга жиберилиши, ошондой эле бул максаттарга ылайык иштелиши мүмкүн.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган максаттарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилүү бир мазмундагы же белгилүү бир формада калыптандырылган маалыматты чогултууга, жайылтууга жана берүүгө чектөөлөр, ошондой эле айрым маалыматтык технологияларды колдонууга чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-11)
