# 1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Электрондук башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111634)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2445/edition/1119210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111634/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук башкаруу жөнүндө, 1-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы электрондук башкаруу тартибин аныктайт.

2. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, уюмдардын жана жарандардын электрондук формадагы электрондук документтерди жана башка маалыматтарды пайдалануу менен юридикалык маанилүү чечимдерди кабыл алуу жана юридикалык маанилүү аракеттерди көрүү боюнча иши Кыргыз Республикасындагы электрондук башкаруу деп түшүнүлөт.

3. Ушул Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүү, электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасын пайдалануу, башка жааттарда электрондук башкарууну жүзөгө ашыруу боюнча мамилелерге карата колдонулат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111634/st-2)
