# КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 126 "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 126 "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2444/edition/817652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 15-июлундагы № 126 "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (15.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111633

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 15-июлу № 126 "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111633/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Монополияга каршы мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндө иштерди кароо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) жеке же юридикалык жактын арызы;

2) ыйгарым укуктуу органдын демилгеси.";

2) 17-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ыйгарым укуктуу орган ишти кароонун натыйжалары боюнча кабыл алган чечим (кагаз жүзүндөгү талап) аны кабыл алган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен кызыкдар жактарга жиберилет же аларга кол койдурулуп тапшырылат.";

3) 19-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ыйгарым укуктуу органдын чечимине (кагаз жүзүндөгү талабына) арыз берүүчү жана башка кызыкдар жактар административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ушул абзацта көрсөтүлгөн жактар сотко кайрылууга укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111633/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 18-июлунда № 82 (2807) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
