# 2-берене. Изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдарды көзөмөлдөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111631)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111631/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2442/edition/1252560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111631/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө, 2-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111631/st-2

---

1. Жазык процессинин сотко чейинки баскычында адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды так жана бирдей аткаруу, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү чечүүнүн, кылмыштарды тергөөнүн жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруунун мыйзамда белгиленген тартибин сактоо көзөмөлдөөнүн предмети болуп саналат.

2. Прокурор тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууда кылмыш тапкан учурда, анын ичинде ал боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим болгондо, караштуулугуна карабастан, аны ыйгарым укуктуу тергөө органына өткөрүп берүү менен жазык ишин козгойт.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурорлору, ошондой эле райондордун прокурорлорунун статусунан төмөн эмес прокурорлор изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды сактоосуна көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111631/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111631/st-3)
