# 1-берене. Аткаруу бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111631)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111631/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2442/edition/1252560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111631/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө, 1-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111631/st-1

---

1. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоосу, мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусу көзөмөлдөөнүн предмети болуп саналат.

2. Прокурор аткаруу бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын аракеттеринен же аракетсиздигинен мыйзам бузууларды тапканда, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган прокурордук чара көрүү актысын, анын ичинде жазык ишин козгоо тууралуу токтомду колдонот.

3. Прокурор мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууда кылмыш тапкан учурда, караштуулугуна карабастан, аны ыйгарым укуктуу тергөө органына өткөрүп берүү менен жазык ишин козгойт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111631/st-2)
