# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111630)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-июлундагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111630/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2441/edition/1120184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111630/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111630/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 189-беренеде:

а) 2-пунктунда "социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттердин, жолдордун, электр тармактарынын, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын," деген сөздөр алып салынсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21) объектти эксплуатациялоого кабыл алуу актысына ылайык, мындай уюмдун менчигинин формасына карабастан, көрсөтүлгөн объекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы, жолдордун, суу менен камсыздоо жана канализация, электр тармактарынын жана эсептөө приборлорунун, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын жана газды эсептөө приборлорунун объекттеринен адистештирилген уюм тарабынан акысыз алынган негизги каражаттардын наркы.";

2) 253-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды адистештирилген уюмга акысыз негизде өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берим болуп саналат жана объектти экплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111630/st-2)
