# КР 2017-жылдын 12-июлундагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-июлундагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111630>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2441/edition/1120184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111630.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 12-июлундагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111630

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 12-июлу № 123 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 7-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111630/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 189-беренеде:

а) 2-пунктунда "социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттердин, жолдордун, электр тармактарынын, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын," деген сөздөр алып салынсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21) объектти эксплуатациялоого кабыл алуу актысына ылайык, мындай уюмдун менчигинин формасына карабастан, көрсөтүлгөн объекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы, жолдордун, суу менен камсыздоо жана канализация, электр тармактарынын жана эсептөө приборлорунун, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын жана газды эсептөө приборлорунун объекттеринен адистештирилген уюм тарабынан акысыз алынган негизги каражаттардын наркы.";

2) 253-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды адистештирилген уюмга акысыз негизде өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берим болуп саналат жана объектти экплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111630/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
