# КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111626>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2437/edition/816714/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111626.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 5-июлундагы № 119 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111626

---

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 5-июлу № 119 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 31-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111626/st-1)

"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 191-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:

"11-статья. Жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылуучу башкарылуучу жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин белгилейт.";

3) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.";

4) 5-статьяда:

а) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"Жашы жетелектин оорусунун өрчүшүнө алып келген профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу үчүн жоопкерчиликти ата-энеси же анын мыйзамдуу өкүлү тартат.";

5) 10-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 11-статьяда:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу жаралган учурда эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр жарандарга жүргүзүлөт.";

б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 12-статьяда:

а) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;

б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү, тартиби, каттоо жана ага карата талаптар, ошондой эле профилактикалык эмдөөлөрдүн медициналык документтеринин жана сертификатынын формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

8) 17-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111626/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-июлунда № 80 (2805) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
