Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-01-12.
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 5-июлу № 119 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 31-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 191-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылуучу башкарылуучу жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин белгилейт.";
3) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.";
4) 5-статьяда:
а) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Жашы жетелектин оорусунун өрчүшүнө алып келген профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу үчүн жоопкерчиликти ата-энеси же анын мыйзамдуу өкүлү тартат.";
5) 10-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 11-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу жаралган учурда эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр жарандарга жүргүзүлөт.";
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 12-статьяда:
а) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү, тартиби, каттоо жана ага карата талаптар, ошондой эле профилактикалык эмдөөлөрдүн медициналык документтеринин жана сертификатынын формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
8) 17-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-июлунда № 80 (2805) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуЗакон · 26.06.2001 · № 56 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуЗакон · 26.06.2001 · № 56 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.