# 351-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111622)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 29-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111622/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2433/edition/1289771/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу, 351-статья (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111622/st-351

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "351-статья. Бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле салыктык отчетторду, эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчётторун бербөө же болбосо салыктык карыздары жок салык төлөөчүлөрдүн салык отчётторун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөөсү - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Салыктык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн салыктык отчётторду, салык салууга байланышкан эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттө бербөөсү, - салыктык карыздардын суммасына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө: жарандарга - он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз жыйырма өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө: жарандарга - он беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз кырк өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн миңден эки жарым миңге чейинки өлчөмүндө: кызмат адамдарына - отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз элүү өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жарым миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө: кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз алтымыш өлчөмүндө.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111622/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111622/st-2)
