Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-статья. УИАнын функциялары
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
УИАнын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик бирдиктүү саясатын, илимий-техникалык өнүгүшүнүн комплекстүү божомолун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, республикадагы илимдин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө жылдык баяндаманы даярдоого катышуу;
- илимий-техникалык программалардын, изилдөө иштеринин келечектүү пландарынын алкактарында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- инновациялардын жана жогорку технологиялардын үлгүлөрүн түзүү боюнча тажрыйбалык-конструктордук жана тажрыйбалык-технологиялык иштеп чыгууларды жүргүзүү;
- эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын алкактарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо, илимий билимдерди пропагандалоо жана жайылтуу;
- илимий-техникалык саясат жана прогресс маселелери боюнча, ошондой эле улуттук билим берүү тутумунун илимий деңгээлин жогорулатуу боюнча мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгууга көмөктөшүү;
- илимий техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын түзүүгө катышуу.";
3) 9-статьянын 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "УИАнын уставына ылайык" жана "чечүүчү добуш берүү укугу менен" деген сөздөр алып салынсын;
4) 10-12-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. УИАнын жалпы чогулушу УИАнын анык мүчөлөрүнөн (академиктеринен), мүчө-корреспонденттеринен, илимий мекемелердин жетекчилеринен жана жетектөөчү окумуштууларынан турган жалпы чогулушу УИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат. УИАнын жалпы чогулушу:
- УИАнын уставын жана ага түзөтүүлөрдү кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын алкактарында УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын аныктайт;
- УИАнын президиумунун, УИАнын бөлүмдөрүнүн, илимий мекемелеринин, анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин отчетторун угат жана бекитет;
- УИА анык мүчөлөрүн (академиктерин), мүчө-корреспондеттерин, чет өлкөлүк мүчөлөрүн, УИАнын президентин жана президиумунун мүчөлөрүн УИАнын уставында аныкталуучу тартипте шайлайт;
- илимий жана уюштуруучулук мүнөздөгү маселелерди карайт.
УИАнын жалпы чогулушунун сессиясы зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес чакырылат.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111620/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>