# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111620)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028363)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111620/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2431/edition/816172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111620/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111620/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) 1-бөлүгү "УИАнын мүчөлөрүн" деген сөздөрдөн кийин "УИАнын илимий изилдөө институттарын," деген сөздөр менен толукталсын;

б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Улуттук илимдер академиясы юридикалык жактын статусуна ээ жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү УИАнын уюштуруучусу болуп саналат. УИА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.";

2) 3-5-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. УИАнын ишинин максаты УИАнын иши илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырууга багытталган:

- Кыргыз Республикасында табигый, техникалык, гуманитардык жана коомдук илимдер жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- республиканын социалдык-экономикалык, саясий, илимий-техникалык, инновациялык жана маданий жактан өнүгүшүнүн актуалдуу проблемаларын изилдөө;

- илимий иштеп чыгууларды жана жетишкендиктерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

- Кыргызстандын элинин билим алуусунун, рухий маданиятынын өнүгүшүнө жана анын интеллектуалдык дареметин жогорулатууга илимдин таасирин тийгизүү.

---

Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111620/st-4)
