1-берене
Күчүн жоготкон · 16.06.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2025 года № 119.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 1-бөлүгү "УИАнын мүчөлөрүн" деген сөздөрдөн кийин "УИАнын илимий изилдөө институттарын," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук илимдер академиясы юридикалык жактын статусуна ээ жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү УИАнын уюштуруучусу болуп саналат. УИА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.";
2) 3-5-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. УИАнын ишинин максаты УИАнын иши илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырууга багытталган:
- Кыргыз Республикасында табигый, техникалык, гуманитардык жана коомдук илимдер жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- республиканын социалдык-экономикалык, саясий, илимий-техникалык, инновациялык жана маданий жактан өнүгүшүнүн актуалдуу проблемаларын изилдөө;
- илимий иштеп чыгууларды жана жетишкендиктерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Кыргызстандын элинин билим алуусунун, рухий маданиятынын өнүгүшүнө жана анын интеллектуалдык дареметин жогорулатууга илимдин таасирин тийгизүү.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөЗакон · 25.07.2002 · № 132 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111620/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>