# КР 2017-жылдын 27-июнундагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-июнундагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111619>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2430/edition/814983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111619.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 27-июнундагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (27.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111619

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 27-июну № 109 Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 25-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111619/st-1)

Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат айылы деп аталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111619/st-2)

Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен айылы деп аталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111619/st-3)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор айылы деп аталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111619/st-4)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө айылы деп аталсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111619/st-5)

Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо айылы деп аталсын.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111619/st-6)

Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат жана Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор, Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө жана Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо жаңы түзүлгөн айылдарынын чек араларынын баяндалышы бекитилсин.

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111619/st-7)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-июлунда № 78 (2803) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
