Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 27-июну № 109 Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 25-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат айылы деп аталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен айылы деп аталсын.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор айылы деп аталсын.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө айылы деп аталсын.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо айылы деп аталсын.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат жана Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор, Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө жана Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо жаңы түзүлгөн айылдарынын чек араларынын баяндалышы бекитилсин.
7-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-июлунда № 78 (2803) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-февралындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө”…Постановление · 27.02.2017 · № 124
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 10-майындагы № 1576-VI "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү…Постановление · 10.05.2017 · № 1576-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы № 1611-VI "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү…Постановление · 25.05.2017 · № 1611-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 20-апрелиедеги № 1520-VI "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү…Постановление · 20.04.2017 · № 1520-VI