1-берене
Күчүндө · 17.06.2017 редакциясы
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Сейил бактык-пляждык зона - Ысык-Көл көлүнүн суусу бүткөн жерден туурасы 100 метрге чейинки жалпы пайдалануудагы аймак.";
2) 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Сейил бактык-пляждык зонанын жер участоктору эреже катары түздөн-түз сейил бактык-пляждык зонага чектеш курорттук-рекреациялык мекемелерге же башкаларга салыштырганда сейил бактык-пляждык зонага кыйла жакын курорттук-рекреациялык мекемелерге ижара шарттарында берилиши мүмкүн. Сейил бактык-пляждык зонаны ижарага берүү шарттары жана тартиби, ошондой эле бир эле субъектке өткөрүп берүүгө жол берилген сейил бактык-пляждык зоналардын чектүү аянттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аныкталат. Белгиленген тартипте ижара шарттарында пайдаланууга берилген сейил бактык-пляждык зона ижарачы тарабынан төмөнкүдөй максаттарда тосулушу мүмкүн:
- тартипти, эс алуучулардын коопсуздугун, мүлктүн сакталышын камсыз кылуу;
- жаныбарлардын сейил бактык-пляждык зонаны булгоосуна жол бербөө;
- ижарачынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими боюнча сейил бактык-пляждык зонанын аймагын көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча өткөрүлгөн иштердин учурларынан тышкары, транспорт каражаттарынын киришине жана башка техниканын пайдаланылышына жол бербөө.
Сейил бактык-пляждык зонаны тосууга карата талаптар ушул Мыйзамдын 17-беренесинин экинчи бөлүгүнүн сейил бактык-пляждык зонага жарандардын тоскоолдуксуз киришин камсыз кылуу жөнүндө жоболорун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Ушул талапты сактабоо ижара келишиминин бузулушуна алып келет. Сейил бактык-пляждык зонанын жер участогун пайдаланганы үчүн ижара акы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет. Мында сейил бактык-пляждык зонанын тосмолорун пайдаланганы үчүн сейил бактык-пляждык зонанын тиешелүү участогун пайдаланганы үчүн ижара акынын өлчөмүндө кошумча акы алынат.".
Берененин тексти 17.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 115
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111618/st-1" title="1-берене - Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>