# КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 108 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 108 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111618>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2429/edition/814981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111618.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 108 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (17.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111618

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 17-июну № 108 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 25-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111618/st-1)

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Сейил бактык-пляждык зона - Ысык-Көл көлүнүн суусу бүткөн жерден туурасы 100 метрге чейинки жалпы пайдалануудагы аймак.";

2) 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"Сейил бактык-пляждык зонанын жер участоктору эреже катары түздөн-түз сейил бактык-пляждык зонага чектеш курорттук-рекреациялык мекемелерге же башкаларга салыштырганда сейил бактык-пляждык зонага кыйла жакын курорттук-рекреациялык мекемелерге ижара шарттарында берилиши мүмкүн. Сейил бактык-пляждык зонаны ижарага берүү шарттары жана тартиби, ошондой эле бир эле субъектке өткөрүп берүүгө жол берилген сейил бактык-пляждык зоналардын чектүү аянттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аныкталат. Белгиленген тартипте ижара шарттарында пайдаланууга берилген сейил бактык-пляждык зона ижарачы тарабынан төмөнкүдөй максаттарда тосулушу мүмкүн:

- тартипти, эс алуучулардын коопсуздугун, мүлктүн сакталышын камсыз кылуу;

- жаныбарлардын сейил бактык-пляждык зонаны булгоосуна жол бербөө;

- ижарачынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими боюнча сейил бактык-пляждык зонанын аймагын көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча өткөрүлгөн иштердин учурларынан тышкары, транспорт каражаттарынын киришине жана башка техниканын пайдаланылышына жол бербөө.

Сейил бактык-пляждык зонаны тосууга карата талаптар ушул Мыйзамдын 17-беренесинин экинчи бөлүгүнүн сейил бактык-пляждык зонага жарандардын тоскоолдуксуз киришин камсыз кылуу жөнүндө жоболорун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Ушул талапты сактабоо ижара келишиминин бузулушуна алып келет. Сейил бактык-пляждык зонанын жер участогун пайдаланганы үчүн ижара акы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет. Мында сейил бактык-пляждык зонанын тосмолорун пайдаланганы үчүн сейил бактык-пляждык зонанын тиешелүү участогун пайдаланганы үчүн ижара акынын өлчөмүндө кошумча акы алынат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111618/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 27-июнунда № 76 (2801) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
