# КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111617>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2428/edition/814979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111617.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (17.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111617

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 17-июну № 106 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 25-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111617/st-1)

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 83-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жана сот тутумунун" деген сөздөр алып салынсын;

2) 92-беренеде:

а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "бийлиги" деген сөз "тутуму" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Пикир келишпестиктер болгондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тутумунун бюджетинин долбоорун Өкмөттүн кеңешине жиберет. Судьялар кеңешинин өкүлдөрү жана Өкмөттүн кеңеши кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин 7 айдан кечиктирбестен макулдашуу жол-жобосун өткөрүүгө жана аяктоого милдеттүү. Макулдашууга жетишилген учурда, Судьялар кеңеши макулдашылган сунуштарды эске алуу менен сот тутумунун бюджетинин долбоорун жеткире иштеп чыгат жана Өкмөткө киргизет. Макулдашууга жетишилбеген учурда, Судьялар кеңешинин сунуштары жана Өкмөттүн сот тутумунун бюджетинин долбоору боюнча корутундусу бир убакытта Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.";

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Тиешелүү жылга республикалык бюджетти түзүүдө сот тутумунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмү Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана мурдагы жылдын бекитилген көрсөткүчтөрүнөн төмөн болушу мүмкүн.";

3) 107-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Учурдагы каржылык жылга сот тутумун каржылоого мыйзам менен каралган бюджеттик каражаттарды секвестрлөөгө Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111617/st-2)

Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
