# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111616)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 105 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111616/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2427/edition/1289738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111616/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111616/st-1

---

"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө";

2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн, ошондой эле сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатуунун жана керектөөнүн укуктук негиздерин белгилейт.";

3) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:

"сергитүүчү алкоголсуз ичимдиктер - атайын багыттагы - сергитүүчү, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер;";

4) 7-беренеде:

а) 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацында "200,0" деген цифралар "100,0" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "50,0 миң далдан кем эмес арак" деген сөздөр "25,0 миң далдан кем эмес сандагы алкоголдук продукция" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 121-бөлүк менен толукталсын:

"121. Сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктерге атайын багыттагы сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктер, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер кирет.";

6) 13-беренеде:

а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди дүң жана чекене сатуунун тартиби";

б) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Алкоголдук продукцияны" деген сөздөрдөн кийин ", сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111616/st-2)
