1-берене
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 168.
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө";
2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн, ошондой эле сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатуунун жана керектөөнүн укуктук негиздерин белгилейт.";
3) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
"сергитүүчү алкоголсуз ичимдиктер - атайын багыттагы - сергитүүчү, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер;";
4) 7-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацында "200,0" деген цифралар "100,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "50,0 миң далдан кем эмес арак" деген сөздөр "25,0 миң далдан кем эмес сандагы алкоголдук продукция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 121-бөлүк менен толукталсын:
"121. Сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктерге атайын багыттагы сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктер, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер кирет.";
6) 13-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди дүң жана чекене сатуунун тартиби";
б) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Алкоголдук продукцияны" деген сөздөрдөн кийин ", сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 13.10.2009 · № 269 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111616/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>